Босния - Герцеговинада мүрзөгө карата кол салуу болду

Мостарда 1965 -  жылы курулган мемориалдык көрүстөндө Экинчи Дүйнөлүк согушта Югославия үчүн согушкан партизандардын мүрөзөлөрү бар.

1843802
Босния  -  Герцеговинада мүрзөгө карата кол салуу болду

Босния  -  Герцеговинанын түштүгүндөгү Мостарда  Партизан мемориалдык көрүстөнүнө белгисиз адамдар кол салышты.

Өлкөдөгү улуттук эстеликтердин бири болгон көрүстөнгө жасалган кол салууда аянттагы бардык көрүстөн таштары жабыркады. 

Мостардагы NOR антифашисттер жана аскерлер коомунун төрагасы Сеад Жулич басма сөзгө билдирүү жасап, кылмыш ишин козгоого даярданып жатышкандарын айтып : "Көрүстөнгө кол салгандарды ат жана фамилиясы менен жарыялайбыз. Ушул кезге чейин жасалган эң чоң кол салуу менен бетме -  бет келип турабыз",- деди. 

Жергиликтүү медиада орун алган кабарда Партизан мемориалдык көрүстөнүндө 700 мүрзө ташынын бар экендиги  билдирилип, Мостар мэри Марио Кордичтин мемориалдык көрүстөндүн жаңыланарын айткандыгы  маалымдалды. 

Мостарда 1965 -  жылы курулган мемориалдык көрүстөндө Экинчи Дүйнөлүк согушта Югославия үчүн согушкан партизандардын мүрөзөлөрү бар. 

 

 



Тектеш кабарлар