Зеленский : "Баскынчыларды жерлерибизден кууп чыгабыз"
Украинанын президенти Владимир Зеленский Россиянын өлкөсүндө оккупациягалаган бардык жерлерди бошотуу үчүн күрөшүүнү улантышарын айтты.
Украинанын президенти Владимир Зеленский Россиянын өлкөсүндө оккупациягалаган бардык жерлерди бошотуу үчүн күрөшүүнү улантышарын айтты.
Владимир Зеленский Телеграмма эсебинен берген билдирүүсүндө 110 күндө Украина куралдуу күчтөрүнүн Донбасс аймагындагы операцияларынын ийгиликтүү болгондугун белгиледи.
Бул 110 күндүн ичинде өлкөнүн түштүк аймактарында көзөмөлдү кайрадан алганын, Харьков аймагынын да чоң бөлүгүн «душмандын колунан» бошоткондорун айткан Зеленский : «Жалпысынан 1000ден ашуун отурукташуу жери бошотулду. Баскынчылардын Украианын түштүгүндөгү кол салуулары токтотулду»,- деди.
Украиналык аскерлердин Донбасста да орус күчтөрүн чоң жоготууга учураткандыгын айткан Зеленский : «Донбасстагы согуш Европада жана Европа үчүн жасалган аёсуз согуштардын бири катары тарыхта калат»,- деди.
Өлкөсүндө уланып жаткан согушту токтотуу үчүн күчтүү жана заманбап куралдарга муктаж экендерин айткан Украина лидери, согушта көптөгөн жарандар менен балдардын каза болгонун баса белгилеп : "Украина үчүн бул согуштун баасы абдан оор жана коркунучтуу",- деп баа берди.
Россия менен болгон согушта Украинадагы фронттун 2 миң 500 километрден ашкандыгына көңүлдөрдү бурган Зеленский «согушту улантуу жана бардык жерлерин бошотуудан башка аргасынын жок экендигин, баскынчыларды жерлеринен чыгарышарын» баса белгиледи.
Зеленский Россия басып алган жана аннексиялаган бардык жерлердин бошотулушу үчүн күрөшүүнү уланта тургандарын, бул жерлерде жашаган элге Украинанын башка аймактарында уланып жаткан согуш тууралуу так маалымат берилиши керектигин белгилеп : «Аларга Украина армиясынын сөзсүз келе турганын айтыңыздар. Албетте Крымыбызды да бошотобуз. Украинанын желеги Ялтада, Судакта, Жанкой жана Евпаторияда кайрадан желбирейт. Крымда жерлерибизди конфискациялаган ар бир орус жетекчи бул жер алар тынчтыкка жете турган жер эмес экендигин билиши керек»,- деди.
Тектеш кабарлар
Чоң жетиликтин тышкы иштер министрлеринин жыйыны эртең башталат
Жыйында 2 күн бою эл аралык күн тартибиндеги маселелер каралат.