Украина каза болгон орус аскерлери тууралуу маалыматтарды жаңылады
Россиянын коргоо министрлигинен 25 - мартта берилген маалыматта Украинада 1351 орус аскеринин каза болгондугу билдирилген.

Украинанын башкы штабынын төрагалыгы 24 - февралдан бери болуп келе жаткан согушта каза болгон орус аскерлеринин саны 32 миң 500гө жеткендигин билдирди.
Президенттиктен берилген маалыматта 24 - февраль жана 14 - июнга чейин орус армиясынын согуштагы жоготууларына байланыштуу маалыматтарын жаңылагандыгы белгиленди.
Украина жерлеринде 32 миң 500 орус аскеринин өлтүрүлгөндүгү белгиленген маалыматта муну менен бирге 233 учак, 179 тик учак, 1434 танк, 3 миң 503 броне унаа, 721 артиллерия, 229 ракета атуу системасы жана 97 абадан коргонуу системасы жок кылынганы тууралуу маалымат берилди. Маалыматта орус армиясынын 2 миң 473 унаа жана күйүүчү май ташуу унаасы, 58 атайын унаа, 13 кеме менен жеңил ылдамдыктагы кайык менен 588 учкучсуз учуучу унаасын да жоготкондугу билдирилди.
Россиянын коргоо министрлигинен 25 - мартта берилген маалыматта Украинада 1351 орус аскеринин каза болгондугу билдирилген.
Тектеш кабарлар

Орусиянын Украинадагы чабуулдары
Игорь Конашенков Орусия-Украина согушундагы орус армиясынын чабуулдары тууралуу билдирүү жасады.