Газпромдун газ ташуусу азаят

Орус энергетика компаниясы Газпром техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам Түндүк Агым кууру аркылуу жаратылыш газ ташуунун 40 пайызга азаярын  эскертти.

1843256
Газпромдун газ ташуусу азаят

Орус энергетика компаниясы Газпром техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам Түндүк Агым кууру аркылуу жаратылыш газ ташуунун 40 пайызга азаярын  эскертти.

Газпромдон берилген жазуу түрүндөгү маалыматта немис Siemens фирмасына тейлөө үчүн жөнөтүлгөн газ компрессорлорунун кээ бирлеринин алигече айлана электиги белгиленди. Билдирүүдө ушул себептен улам линияда үч гана газ компрессорун колдонууга боло тургандыгы белгиленип : "Түндүк Агым кууруна газ өткөрүү, күнүмдүк пландалган 167 миллион метр кубдун ордуна азыркы учурда күндө 100 миллион метр кубга чейин газ өткөрүүгө болот",- деп билдирилди. 

Түндүк Агым Ямал  - Европа кууру жана Украинадагы куурлар менен бирге орус газын Европага ташыган маанилүү куурлардын бири катары белгилүү. 

Мындан мурда компаниядан берилген маалыматта Ямал  -  Европа кууру аркылуу газ өткөрүүнүн токтолугандыгы, Украина аркылуу өткөрүүнүн да жарымына жакын азайгандыгы билдирилген. 


 

 



Тектеш кабарлар