Буркина-Фасодо кол салуу: 50 киши каза болду

Сейтенга районуна белгисиз куралчан кишилер тарабынан кол салуу жасалганы кабарланды.

1842635
Буркина-Фасодо кол салуу: 50 киши каза болду

Буркина-Фасонун Сахел аймагындагы куралдуу кол салууда 50 жаран каза болду.

Өкмөттүн басма сөз катчысы Лионел Бильго маалымат жыйында, ишембиден жекшембиге караган түнү Сейтенга районуна белгисиз куралчан кишилер тарабынан кол салуу жасалганын айтты.

Жарандарды бутага алган кол салууда ушул убакка чейин 50 адамдын сөөгүн тапкандарын белгилеген Бильго, каза болгондордун санынын дагы да көбөйүшү мүмкүн экенин кабарлады.

Бильго өкмөттүн бул коркунучтуу кол салууну катуу айыптаганын билдирип, элди террор менен күрөшүүдө өкмөттүк күчтөр менен кызматташууга чакырды.



Тектеш кабарлар