Африкада рак оорусу жана өлүм - житим көрсөткүчү

Африка континентинде   рак оорусу жана өлүм  - житим көрсөткүчтөрү 20 жылда эки эсе өсүшү мүмкүн.

1843102
Африкада рак оорусу жана өлүм - житим көрсөткүчү

Африка континентинде   рак оорусу жана өлүм  - житим көрсөткүчтөрү 20 жылда эки эсе өсүшү мүмкүн. 

АКШдагы Пенн Стейт Университетинин Медицина  факультетинин  окумуштуулар тобу Африка континентинде  рактын көрсөткүчтөрү боюнча "Африкада рактын картасын түзүү" аттуу жаңы изилдөөсүн жарыялады.

Рак оорулары жана ага байланыштуу өлүм  -  житим көрсөткүчүнүн 20 жылда эки эсеге өсүшү мүмкүн экендигин белгилеген изилдөө континенттин бир нече аймагында саламаттыкты сактоо борборлоруна жетүүнүн чектүү болушу жана инфраструктуранын жетизсиздиги бул коркунучтун   негиздеринин арасында көрсөтүлдү. 

Изилдөөдө Африкада 2020 - жылы 1, 1 миллион жаңы рак бейтабы, 711 миң 429 ракка байланыштуу өлүм  -  житимдин аныкталгандыгы белгиленип, 2040 -  жылга чейин рак бейтаптарынын 2,1 миллионго, ракка байланыштуу өлүм  -  житимдин 1,4 миллионго чыгышы мүмкүн экендиги белгиленди. 

Ракка каршы керектүү чаралардын көрүлүшүнүн маанисине көңүл бурулган изилдөөдө аялдардын бул ооруга чалдыгуу ыктымалы эркектерге караганда дагы көп экендиги билдирилди.

Изилдөөдө рак менен ооруган бейтаптар эң көп аныкталган өлкөлөр Египет, Нигерия жана Түштүк Африка экендиги белгиленди. 

 

 

 



Тектеш кабарлар