Орусиянын Украинадагы аскердик аракеттери

Орусиянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Игорь Конашенков 24-февралдан бери болуп жаткан Украинадагы согушта орус аскерлеринин аракеттери тууралуу билдирүү жасады.

1842541
Орусиянын Украинадагы аскердик аракеттери

Орусиянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Игорь Конашенков Украинага таандык 201 учак, 130 тик учак, 3525 танк жана бронетранспортер жок кылынганын билдирди.

Конашенков 24-февралдан бери болуп жаткан Украинадагы согушта орус аскерлеринин аракеттери тууралуу билдирүү жасады.

Орус армиясынын Украинадагы чабуулунун уланганына көңүл бурган Конашенков, абадан аткылган жогорку тактыктагы ракеталар менен Донецк аймагындагы Удачное темир жол станциясынын айланасында АКШ жана Европа өлкөлөрүнөн украин улутчул күчтөрүнө жеткирилген курал-жарак жана аскердик техниканын жок кылынганын айтты.

Конашенков ошондой эле Луганск аймагындагы чет элдик жалданма согушкерлерди бөлүштүрүү пункту жана Харьков жана Луганск аймактарында 2 көп стволдуу ракета аткычтар жок кылынганын билдирди.

Орус абадан согуштук тактикалык бөлүктөрдүн Луганск аймагындагы Лисичанск шаарындагы командалык борбор менен Бук-М1 абадан коргонуу ракеталык системасынын радиостанциясына сокку урганын белгилеген Конашенков, аскердик бөлүктөр жана техникалык унаалар топтолгон 63 аймактын талкаланганын айтты.

Конашенков бул кол салуулардын натыйжасында 120дан ашуун украин улутчул күчтөрү, 2 танк, 7 гаубицанын жана 11 аскердик унаанын зыянсыздандырылгандыгын билдирди.

Орус абадан коргонуу системалары менен бир күндө 8 Украинанын учкучсуз учуучу аппаратын атып түшүрүшкөндөрүн белгилеген Конашенков артиллериялык жана ракеталык бөлүктөрдүн 247 аскердик аймакты бомбалаганы тууралуу маалымат менен бөлүштү.

Конашенков: «Учурда Украинага таандык 201 учак, 130 тик учак, 1196 учкучсуз учуучу аппарат, 338 абадан коргонуу ракеталык системасы, 3525 танк жана бронетехника, 515 көп стволдуу ракета аткычтар, 1933 гаубицалар жана минометтор, 3583 аскердик унаа жок кылынды»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар