Зеленский элге кайрылды

Украин аскерлеринин Херсон аймагынын жерлерин акырындык менен бошоткондугун билдирген Зеленский Запорожье аймагында да белгилүү бир ийгилик болгонун айтты.

1841830
Зеленский элге кайрылды
zelenskiy.jpg

Украинанын президенти Владимир Зеленский Северодонецкте көчө кагылыштары уланып жатканын билдирдирип:«Мен баскынчылардын алдыга жылуусуна бир нече жума бою бөгөт койгон жана коргонуубузду бекем сактап калган биздин бардык коргоочуларыбыз менен сыймыктанам», - деди.

Украин аскерлеринин Херсон аймагынын жерлерин акырындык менен бошоткондугун билдирген Зеленский Запорожье аймагында да белгилүү бир ийгилик болгонун айтты.

Зеленский ошондой эле Северодонецкте катуу көчө кагылыштары уланып жатканын белгилеп: «Мен бул душман адамдардын, бул баскынчылардын алдыга жылуусуна жумалар бою бөгөт койгон жана биздин коргонуубузду бекем сактаган бардык коргоочуларыбыз менен сыймыктанам»,-деди.

Донбасстын дагы эле каршылык көрсөтүп жатканын белгилеген Зеленский, Орусиянын бул аймакта да болгон жоготууларынын өтө маанилүү экенин, орус армиясынын жалпысынан 32 миңдей кишисин жоготконун айтты.

Бир тараптан украин лидери Херсон жана Мелитополь шаарларында орус паспортторун таратуу тууралуу кабардын басып алынган аймактарда жана Орусияда активдүү түрдө тарап жатканын айтып:«Мен бул кабарларда Херсондун жана Мелитополдун жашоочулары катары Орусиянын паспортун сураган кимдер көрсөтүлгөнүн карадым. Бир нече шериктештер жана алардын чөйрөсүндөгү адамдар экен... Бул паспорт алуу үчүн кезекке туруудан көрө качуу үчүн билет алуу аракетиндей көрүндү. Ал абдан көрүнүктүү»,-деп айтты.

Орус аскерлери 24-февралда Украинага чабуул кое баштаган.



Тектеш кабарлар