Суданда 15 800 кой бар кеме чөгүп кетти

Эртең менен Судандын порт шаары Суакинден 15800 кой менен чыккан Бадр 1 аттуу кеме чөгүп кетти.

1841784
Суданда 15 800 кой бар кеме чөгүп кетти

Кызыл деңиздин Судан жээгине жакын жерде 15800 кой бар кеменин чөгүп кетишинин натыйжасында бардык жаныбарлар өлдү.

Эртең менен Судандын порт шаары Суакинден 15800 кой менен чыккан Бадр 1 аттуу кеме чөгүп кетти.

Сауд Арабияга карай бара жаткан кеменин эң көп 8 миң малды көтөрө ала турганы белгилүү болду.

Кырсыктын ушул себептен болушу мүмкүн экенин айткан бийлик, экипаждын баары куткарылганын жарыялады. Миңдеген жаныбардын деңизге чөгүшү экономикалык жана экологиялык көйгөйлөрдү жаратышы мүмкүн экени да айтылды.



Тектеш кабарлар