Орусиянын Украинадагы жоготуулары...

24-февралда башталган Орусия-Украина согушу уланып жатканда Украинанын Башкы штабы орус армиясынын жоготууларына байланыштуу жаңы билдирүү жасады.

1841739
Орусиянын Украинадагы жоготуулары...
rusya ukraynaki eylemler.jpg
rusya-ukrayna.jpg

Украинанын Башкы штабы согуш башталгандан бери болжол менен 32 150 орус аскери набыт болгонун билдирди.

24-февралда башталган Орусия-Украина согушу уланып жатканда Украинанын Башкы штабы орус армиясынын жоготууларына байланыштуу жаңы билдирүү жасады.

Билдирүүдө, «Согуш башталгандан бери 32 миң 150дөй орус жоокери набыт болду»,-деп айтылат.

Билдирүүдө ошондой эле Орусияга таандык 1430 танк, 3484 брондолгон унаа, 715 артиллериялык система, 226 MLR системасы, 97 абадан коргонуу системасы, 212 согуштук учак, 178 согуштук тик учак, 582 учкучсуз учуучу аппарат, 13 кеме, танкерлер менен кошо 2455 жүк ташуучу унаа, 54 атайын бөлүк жана 125 канаттуу ракета жок кылынганы белгиленди.



Тектеш кабарлар