Мигранттар АКШга бара жатышат...

Мексика басма сөзүндө орун алган кабарга караганда АКШга жетүүгө аракет кылган мыйзамсыз мигранттар, өлкөлөрүндөгү зомбулук, жумушсуздук жана жакырчылык сыяктуу көйгөйлөрдөн улам жакшы жашоо куруу үчүн жолго чыгышты.

1841758
Мигранттар АКШга бара жатышат...

Мексиканын Гватемала чек арасынан жолго чыккан 15 миңдей кишилик жаңы мигранттар кербени Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) чек арасына жетүү үчүн жөө жүрүштү баштады.

Мексика басма сөзүндө орун алган кабарга караганда АКШга жетүүгө аракет кылган мыйзамсыз мигранттар, өлкөлөрүндөгү зомбулук, жумушсуздук жана жакырчылык сыяктуу көйгөйлөрдөн улам жакшы жашоо куруу үчүн жолго чыгышты.

Көпчүлүгү Борбордук Америкадан келген 15 миңдин тегерегиндеги кербен коопсуздук күчтөрүнүн тоскоолдуктарына карабастан 90 километр жолду басып өтүп Мексиканын Мапастепек шаарына жетти.

Америка чек арасына кандайдыр бир жол менен жетүүнү каалаган иммигранттар катуу чарчоо, чаалыгуу жана чаңкоодон улам Мапастепекте бир канча убакытка кала турганы кабарланды.

Өз өлкөлөрүндөгү зордук-зомбулук, жумушсуздук жана жакырчылык сыяктуу көйгөйлөрдөн улам, жакшы жашоо үчүн АКШга жетүүгө аракет кылган мыйзамсыз мигранттар көп учурда адам сатуучулардын колуна түшүп калышат.

Көптөгөн жылдар бою Борбордук Америка өлкөлөрүнөн жолго чыккан көптөгөн мыйзамсыз иммигранттар Гватемала жана Мексика аркылуу АКШга жетүүгө аракет кылууда.



Тектеш кабарлар