Венесуэланын мамлекет башчысы Иранда
Венесуэланын президенти Мадуро Түркияга жасаган сапарынан кийин өлкөнүн президентинин расмий чакыруусу менен кечээ Иранга барды.
1841570
Иран менен Венесуэланын ортосунда 20 жылдык кенен масштабдуу кызматташуу келишимине кол коюлду.
Иран мамлекеттик телекөрсөтүүсүнүн берген кабарына караганда борбор шаар Тегеранды зыярат кылган Венесуэланын мамлекет башчысы Николас Мадуро Садабад сарайында президент Ибрахим Реиси менен жолугушту. Жолугушууда эки өлкөнүн ортосунда нефть, нефтехимия, экономика, туризм, маданий жана саясий тармактарда 20 жылдык кенен масштабдуу стратегиялык кызматташууну күткөн келишимге кол коюлду.
Венесуэланын президенти Мадуро Түркияга жасаган сапарынан кийин өлкөнүн президентинин расмий чакыруусу менен кечээ Иранга барды.