Сенегалдын тышкы иштер министри Кулеба менен сүйлөштү

Салл сүйлөшүүдө Украинадагы буудай запасын бошотуу жана ок атышпоо үчүн Россия менен диалог түзүү маселелери талкуулангандыгын билдирди.

1841531
Сенегалдын  тышкы иштер министри Кулеба менен сүйлөштү

Сенегалдын тышкы иштер министри Айссата Талл менен Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба телефон аркылуу сүйлөштү.

Министр Салл Твиттер баракчасына жазган билдирүүсүндө Кулеба менен болгон телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө 24 - февралдан бери болуп жаткан Россия - Украина согушуна байланыштуу пикир алмашкандарын белгиледи.

Салл сүйлөшүүдө Украинадагы буудай запасын бошотуу жана ок атышпоо үчүн Россия менен диалог түзүү маселелери талкуулангандыгын билдирди.

Сенегал президенти Макки Саллдын ошол эле учурда Африка Биримдигинин кезектешкен башкаруучусу болуусунан улам Россия- Украина согушунун Африка континенти үчүн жараткан жыйынтыктарынан улам процесстин башынан бери түрдүү демилгелерди көтөрүүдө.

Министр  Салл өткөн жумада Россияга барып Россиянын президенти Владимир Путин менен жолугушуп, буудай жана дан болбосо Африканын олуттуу бир жакырчылык менен бетме- бет келеши мүмкүн экендигин белгилеген.

Салл жакынкы убакта да Украинанын президенти Владимир Зеленский менен да сүйлөшөрүн жарыялаган.

Дүйнөнүн “нан куржуну” деп аталган Россия менен Украинадагы согуштан улам буудай өндүрүү жана жеткирүү үзгүлтүккө учурап, эң көп Африка континенти жабыркады.

 



Тектеш кабарлар