Маймыл чечеги вирусу АКШ аскерине да жукту
Полковник Билл Спекс жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө аскерге маймыл чечши вирусунун жуккандыгын ырастады.
Америка Кошмо Штаттарынын Европа күчтөрү (EUCOM) командирлиги Германиянын Штутгарт шаарындагы базада жайгашкан америкалык аскерден маймыл чечеги вирусунун аныкталганын билдирди.
Европа күчтөрү командирлигинин басма сөз катчысы, полковник Билл Спекс жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө : «Штутгарт аскердик базасында кызмат кылган бир аскердин маймыл чечегитестинин оң чыккандыгын ырастайбыз. Аскер Штутгарт кургактык күчтөрүнүн саламаттыкты сактоо клиникасында чыкты, дарыланды жана азыркы учурда базадагы штабда карантинге алынды»,- деди.
Спекс ал жердеги аскерлерге карата коркунучтун төмөн экендигине көңүлдөрдү буруп, бейтап менен жакын болгон клиника кызматкери үчүн көзөмөл жүргүзүлгөндүгүн белгиледи.
АКШ армиясынын кабыл алуучу өлкөнүн мыйзамдарына жана эрежелерине ылайык иш кылганын белгилеген Спекс: «Штутгарттагы оору жалпысынан жеңил болгон жана адамдан адамга жугуусу чектүү болгон Батыш Африка варианты»,- деди.
Тектеш кабарлар
Газада менингит жана гепатит жайыла баштады
Бул тууралуу Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинен жазуу түрүндөгү маалымат берилди.