Босния Герцеговинада катуу жамгыр жаашынан улам сел жүрдү

Селисте дарыясы ташып, бир нече үйдү суу каптады.

1841539
Босния Герцеговинада  катуу жамгыр жаашынан улам сел жүрдү

Босния  - Герцеговинада  нөшөрлөп жааган жамгырдан улам  бир нече шаарда сел жүрдү. Өлкөнүн түндүк  - чыгышындагы Селисте дарыясы ташып, көп сандаган үйдү суу басты. Босния  -  Грецеговинанын ортоңку бөлүктөрүндөгү Тесанжда да бир нече үйдү суу каптады.

Шаар мэри Суад Хускич адам өмүрүнө зыян келбегенин, топтордун ыкчам кийлигишүүсүнүн натыйжасында абалдын көзөмөлгө алынганын белгиледи. Жалпы өлкөдө таасирдүү болгон жамгырдын бүгүн да улантылышы күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар