Америка саммити аяктады

Саммиттен кийин Лос Анжелес декларациясы жарыяланды.

1841523
Америка саммити аяктады

Америка саммити саммитке чакырылбаган өлкөлөр жана айрым лидерлердин бойкоту менен аяктады. Саммиттен кийин Лос Анжелес декларациясы жарыяланды.

Ак үй жарыялаган чараларга ылайык, Коста - Рика өкмөтү кубалыктарды, никарагуалыктарды жана венесуэлалыктарды коргоо иштерин кеңейтет. Мексика да убактылуу жумушчу визасын кеңейтет жана жылда 15 – 20 миң гуатемалалыкка жумушка орношуувизасын берет.

АКШ качкындарды жана мигранттарды кабыл алган өлкөлөргө жардам берүү үчүн 314 миллион доллар бөлүүнү убада кылды. Мындан тышкары, АКШ жашоо деңгээли төмөн кээ бир өлкөлөрдө жумушка орношууну стимулдаган инвестицияларды колдойт. Ушундайчадагы жакшы жашоо үчүн АКШга жол тарткан миранттардын бир бөлүгүнүн өлкөлөрүндө калуулары үчүншарт түзүү максат кылынууда.

Бирок Мексика жана айрым өлкөлөрдүн лидерлери Куба, Венесуэла жана Никарагуанынчакырылбагагына нааразычылык билдирүү максатында саммитти бойкот кылганы үчүн чыгарылган бул чечимдердин аянтка канчалык даражада чагыла тургандыгы сөз болууда.

 



Тектеш кабарлар