Орусия: "Украина армиясынын согуштук учактарын атып түшүрдүк"

Конашенков, Орусия менен Украинанын ортосунда 3 айдан ашык убакыттан бери уланып жаткан согушта орус армиясынын кыймылдары тууралуу маалымат берди.

1841295
Орусия: "Украина армиясынын согуштук учактарын атып түшүрдүк"

Орусиянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Игорь Конашенков, Украина армиясынын Су-25 жана Миг-29 үлгүсүндөгү согуштук учактарынын орус абадан коргонуу системалары тарабынан атып түшүрүлгөнүн билдирди.

Орусия менен Украинанын ортосунда 3 айдан ашык убакыттан бери уланып жаткан согушта орус армиясынын кыймылдары тууралуу маалымат берген Конашенков, Днепрдеги аскердик аэропортто Украинанын куралдуу күчтөрүнүн авиациялык техникасынын абадан учурулган жогорку тактыктагы ракеталар менен жок кылынганын айтты.

Конашенков: «Харьков облусунда курал-жарактарды жана аскердик техниканы оңдоочу өндүрүштүк жайлар талкаланды. Мындан тышкары 2 штаб, аскер жана аскердик техникасы бар 27 аймак, 5 артиллериялык атуу позициясы, 2 көп стволдуу ракета аткыч батареялары, 5 ок-дары кампалары жок кылынды»,- деди.

Орусиянын абадан согуштук тактикалык бөлүктөрүнүн 46 аскердик аймакка кол салганын белгилеген Конашенков, бул кол салууларда «150 украин улутчул күч, 6 танк, 4 артиллериялык техника жана 2 «Град» көп стволдуу ракета аткычтар жок кылынганын айтты.

Конашенков: «Орусиянын абадан коргонуу системалары менен Украинанын Аскердик аба күчтөрүнө таандык Су-25 үлгүсүндөгү учагы акыркы 24 саатта Харьков облусунда жана Миг-29 үлгүсүндөгү согуштук учагы Днепр аймагында атып түшүрүлдү. Мындан тышкары 5 учкучсуз учуучу аппарат жок кылынды»,-деп билдирди.

Украина армиясынын 62 штабы, 138 артиллериялык аткылоо позициясы, 303 аскер жана аскердик техникасы бар 303 аймак орус артиллериялык бөлүктөрү тарабынан аткыланганын айткан Конашенков: «Бул кол салууларда украиналык 350 улутчул, 7 аскердик техника, 2 Град көп стволдуу ракета аткычтар, 5 ракета жана артиллериялык жабдуулар, 16 атайын унаа жана 11 ок-дары жана күйүүчү май бактары атылды»,-деди.

Бүгүнкү күнгө чейин Украинага таандык 195 учак, 130 тик учак, 1168 учкучсуз учуучу аппарат жана 336 абадан коргонуу ракеталык комплекси, ошондой эле 3484 танк жана бронетехника, 499 көп стволдуу ракета аткычтар, 1843 гаубица жана миномёт, 352 аскерий техниканы жок кылынганын кабарлаган Конашенков, орус армиясынын басылып алынган Святогирск, Ярова, Студенок жана Соснове конуштарын миналардан тазалаганын айтты.



Тектеш кабарлар