Нигериядагы чиркөөгө кол салууда каза болгондор тууралуу маалымат берилди

Кол салууда каза болгондордун саны 40ка жетти.

1841144
Нигериядагы чиркөөгө кол салууда каза болгондор тууралуу маалымат берилди

Нигериянын Ондо штатынын Ово аймагындагы католик чиркөөгө жасалган кол салууда каза болгондордун саны 40ка жетти.

Ондо штатынын губернатору Ротими Акередолу билдирүү жасап, кол салууда каза болгондордун саны 22ден 40ка жеткенин айтты.

Акередолу жаралангандардын 26сынын айыгып чыкканын да белгиледи.

Ички иштер министри Рауф Арегбесола, Президенттик комплексинде өткөрүлгөн Улуттук коопсуздук кеңешинин жыйынынан кийин кол салуу үчүн Боко Харам террордук уюму менен байланышы бар ISWAPтын жооптуу экенин айтты.

Президент Мухаммед Бухаринин кылмышкерлерди кармоо үчүн полиция баш болгон өлкөдөгү бардык коопсуздук бөлүмдөрүнө буйрук бергенин белгилеген Арегбесола кол салгандардын жакын арада жоопко тартыла турганын айтты.

Нигериянын Ондо штатында 5-июнда Ово аймагындагы католик чиркөөсүндө сыйынган жарандарга куралчан адамдардын кол салуусунан каза болгондор үчүн 7 күндүк «улуттук аза күтүү» жарыяланды.

 



Тектеш кабарлар