Венгрияда жарыяланган өзгөчө кырдаал режими узартылды

Өзгөчө кырдаал мыйзам долбоору адилет министри Жудит Варга тарабынан Улуттук парламентке сунуш кылынган.

1840462
Венгрияда жарыяланган өзгөчө кырдаал режими узартылды

Венгрияда Орусия-Украина согушунан улам 24-майда жарыяланган өзгөчө кырдаал режимин 1-ноябрга чейин узартуу чечими кабыл алынды.

Адилет министри Жудит Варга тарабынан Улуттук парламентке сунуш кылынган жана өкмөткө мыйзам күчүндөгү токтомдорду чыгарууга жана айрым мыйзамдардын аткарылышын токтотууга ыйгарым укуктарды берген өзгөчө кырдаал мыйзам долбоору 43 каршы 116 добуш менен жактырылды.

Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан 24-майда Орусия-Украина согушунун анын өлкөсү үчүн коркунучу бар экенин айтып, тез чечим кабыл алуу үчүн «өзгөчө кырдаал» жарыяланган.



Тектеш кабарлар