Иранда имаратта жарылуу болду
Жарылууда 2 киши каза болду.
1840480

Ирандын Керманшах провинциясында 4 кабаттуу имаратта болгон жарылуудан 2 киши каза болду.
Өзгөчө кырдаалдар агенттигинин басма сөз катчысы Муктеба Халиди билдирүүсүндө:
«Эртең менен 4 кабаттуу үйдө жарылуу болду. Тилекке каршы, учурда 2 адам каза болуп, 7 адам жабыркады, анын ичинен 4 адам оор, бул сан дагы көбөйүшү мүмкүн», - деди.
Окуя болгон жерге медициналык топтордун жиберилгенин белгилеген катчы Халиди:
«Жардыруу газдын кысылышынан улам болгон деген божомол каралууда. Окуя боюнча иликтөө иштери уланууда»,-деди.