Грецияда биринчи маймыл чечеги вирусун жуктурган бейтап чыкты

Маймыл чечгин жуктурган бейтап Андреас Сингрос ооруканасында аныкталды.

1840303
Грецияда биринчи маймыл чечеги вирусун жуктурган бейтап  чыкты

Мамлекеттик маалымат агенттиги АМНАнын кабарына караганда Грецияда биринчи маймыл чечгин жуктурган бейтап Андреас Сингрос ооруканасында аныкталды. 

Жакынкы убакта Португалияга саякатка баргандыгы аныкталган эркек бейтаптын абалынын жакшы экендиги билдирилди. 

Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун башкы директору доктор Тедрос Адханом Гебрейесус кечээ уюмдун Женевадагы штаб-квартирасында өткөн жумалык жыйында вирустун эндемикалык эмес 29 өлкөдөн Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмуна билдирилген миңден ашуун бейтаптын ырасталгандыгын жана азырынча вирустан улам каза болгондордун жок экендигин билдирди.

 

 



Тектеш кабарлар