ДССУ сырдуу гепатит вирусу тууралуу маалымат берди

Гебрейесус 34 өлкөдөн 700 гепатит бейтабынын аныкталгандыгын,  ал эми 112 бейтап  боюнча изилдөөнүн улантылып жатканын билдирди.

1840478
ДССУ сырдуу гепатит вирусу тууралуу маалымат берди

Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму ДССУ Британияда пайда болгон жана кийинчерээк көптөгөн өлкөлөргө жайылган сырдуу гепатит вирусуна чалдыккан балдардын саны кеминде 700гө жеткенин, 10 баланын вирустун айынан каза болгонун жарыялады.

ДССУнун башкы директору доктор Тедрос Адханом Гебрейесус Швейцариянын Женева шаарындагы штаб-квартирасында өткөн басма сөз жыйынында сырдуу гепатит боюнча акыркы маалыматтарды  бөлүштү.

Гебрейесус 34 өлкөдөн 700 гепатит бейтабынын аныкталгандыгын,  ал эми 112 бейтап  боюнча изилдөөнүн улантылып жатканын билдирди.

Вирусту жуктурган эң аз 38 балага боор трансплантацияланышы керектигин белгилеген Гебрейесус 10 баланын каза болгонун  айтты.

Гебрейесус ДССУнун вирустун  булагы тууралуу  мүчө өлкөлөр менен макулдашуу менен изилдөөнү улантып жатканын билдирди.

Сырдуу гепатит сарык, ич өткөк, кусуу жана келип чыгышы белгисиз ичтин оорушу сыяктуу белгилери менен 1 айдан 16 жашка чейинки балдарда кездешүүдө.



Тектеш кабарлар