Зеленский Франция президентинин чакырыгын сынга алды

Зеленский өз билдирүүсүндө Макрондун Батышка Орусияны «кемсинтүү» маанайында мамиле кылбоого чакырганына каршы чыкты.

1839500
Зеленский Франция президентинин чакырыгын сынга алды

Украинанын президенти Владимир Зеленский Германиянын канцлери Олаф Шольц менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Германиядан анын өлкөсүнө коргонуу колдоосун күчөтүүнү талап кылды.

Зеленский өзүнүн Twitter баракчасында Шольц менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн билдирди.

Жолугушуунун мазмуну тууралуу Зеленский:"Биз Украинага коргонуу колдоосун күчөтүү, дүйнөлүк азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана Орусиянын согуш туткундары үчүн эл аралык стандарттарды сактоо маселелерин талкууладык. Мен Украинанын Евробиримдикке интеграциясы боюнча чечим кабыл алуунун маанилүүлүгүнө көңүл бурдум",-деди.

Бир тараптан, Украинанын президенти Владимир Зеленский Франциянын президенти Эммануэль Макрондун Орусияны «кемсинтпөө» чакырыгына жооп кайтарды.

Зеленский өз билдирүүсүндө Макрондун Батышка Орусияны «кемсинтүү» маанайында мамиле кылбоого чакырганына каршы чыкты.

2014-жылдан бери Донбасстагы кагылышууларды токтото албаган Минск процессинин алкагында Орусиянын мурдагы тынчтык келишимдерин аткарбаганын Макрон жакшы биле турганын белгилеген Зеленский: «Мен чын эле түшүнгөн жокмун. Орусиянын кордугу? 8 жылдан бери бизди өлтүрүп жатышат. Бул жерде эмнени айтып жатабыз?»-деди.

Зеленский орус армиясынын мыкаачылыгына карабай тынчтык сүйлөшүүлөрүнө ачык экенин белгилеп: «Ар бир согуш сүйлөшүү үстөлүндө бүтүшү керек. Бирок тынчтык сүйлөшүүлөрүн Владимир Путин менен бетме-бет жүргүзүү керек»,-деп айтты.

Кээ бир батыштык өлкөлөрдүн Киевдин катышуусу болбостон ок атышпоо шарттарын орнотуу аракетин сындаган Зеленский:«Украинанын суверенитети үчүн биз Батыштын колдоосуна жана Батыштын дайыма көңүл бурушуна муктажбыз. Украинанын артында эч качан сүйлөшүүлөр болушу мүмкүн эмес. Бул өлкөнүн позициясын укпай туруп, Украинанын аймагында ок атышууну токтотууга кантип жетишебиз? Бул абдан таң калыштуу»,-деди.



Тектеш кабарлар