Суданда уруулар кагылышуусу болду

Судандын Батыш Дарфур жана Түштүк Курдуфан штаттарындагы уруулар аралык кагылышуулардан 27 киши каза болду.

1839624
Суданда уруулар кагылышуусу болду

Судандын Батыш Дарфур жана Түштүк Курдуфан штаттарындагы уруулар аралык кагылышуулардан 27 киши каза болду.

Жергиликтүү булактардан алынган маалыматка караганда Чад чек арасындагы Батыш Дарфурдун Кулбус шаарында араб Ризейгат менен Африкалык Гимир урууларынын ортосунда чыккан кагылышууда эки тараптан 16 киши каза болду.

Көргөн күбөлөр Гимир уруусуна таандык 3 айылдын өрттөлгөнүн  кабарлашты.

Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, Түштүк Курдуфандын Абу Жубейха аймагында да аль-хавазма жана канаан урууларынын эки мүчөсүнүн ортосунда  чыр  -  чатак чыккан. Чыр  -  чатак күч алып куралдуу кагылышууга айланды жана  эки уруудан 11 адам каза болду.

 



Тектеш кабарлар