Путин менен Раиси сүйлөштү

Путиндин Раиси менен болгон телефон сүйлөшүүсүндө Орусия менен Ирандын ортосундагы эки тараптуу карым-катнаштар каралды.

1839975
Путин менен Раиси сүйлөштү

Орусиянын президенти Владимир Путин Ирандын президенти Ибрахим Раиси менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Орусиянын президенттик сарайы Кремлдин жазуу түрүндөгү маалыматына караганда, Путиндин Раиси менен болгон телефон сүйлөшүүсүндө Орусия менен Ирандын ортосундагы эки тараптуу карым-катнаштар каралды.

Ирандын өзөктүк келишими да талкууланган сүйлөшүүдө бул темада «акыркы келишимге жетишүү үчүн дипломатиялык аракеттердин улантылышы» баса белгиленди.

Аймактык ырааттуулук жана коопсуздук маселелери да каралган сүйлөшүүдө Сирия маселесинин чечилиши үчүн Астана форматынын (Түркия, Орусия жана Иран) келечектеги иштерине баш ийилери бышыкталды.



Тектеш кабарлар