Орусияда 12 офицер милдеттүү аскерлик кызматын өтөгөндөрдү Украинага жөнөткөнү үчүн жаза алды

Орусиянын Коргоо министрлигинин Батыш Аскер округунун прокурору Артур Егиев борбор шаары Москвада Орусия парламентинин жогорку палатасы Федерация Кеңешинде сөз сүйлөдү.

1839313
Орусияда 12 офицер милдеттүү аскерлик кызматын өтөгөндөрдү Украинага жөнөткөнү үчүн жаза алды

Орусияда армияда кызмат өтөп жаткан 600гө жакын адам Украина согушуна жөнөтүлүп, 12 офицер ушул себептен соттолгону кабарланды.

Орусиянын Коргоо министрлигинин Батыш Аскер округунун прокурору Артур Егиев борбор шаары Москвада Орусия парламентинин жогорку палатасы Федерация Кеңешинде сүйлөгөн сөзүндө, милдеттүү аскер кызматын өтөгөндөрдүн Украинага дайындоосу боюнча териштирүү жүргүзүп жатканын түшүндүрдү.

Иликтөөлөрдүн натыйжасында Украинадагы аскердик операцияга милдеттүү түрдө аскердик кызмат өтөгөн 600гө жакын кишинин катышканы аныкталганын айткан Егиев: «Алардын баары мүмкүн болушунча тезирээк кайтып келишти»,-деди.

Егиев мындай абалга себепкер болгондорго керектүү жазалар берилгенин белгилеп: «Бул иш боюнча жооптуу 12 кызматкер кызматтан четтетилүү менен катар ар кандай дисциплинардык жазаларга тартылды»,-деп айтты.

Орусиянын президенти Владимир Путин 8-мартта милдеттүү аскерлик кызматын өтөгөндөрдүн Украинада жок экенин айткан.

Ал эми Орусиянын Коргоо министрлиги 9-мартта Орусиянын армиясында милдеттүү кызмат өтөп жаткандардын Украинадагы согуштук аракеттерге катышканын билдирген.

Орус аскерлери 24-февралда Украинага чабуул кое баштаган.



Тектеш кабарлар