Ислам Кызматташтык Уюму Нигерияда чиркөөгө жасалган кол салууну айыптады

Ислам Кызматташтык Уюмунун башкы катчысы Хүсейин Ибрахим Таха да каза болгондордун үй  -  бүлөлөрүнө  көңүл айтты.

1839897
Ислам Кызматташтык Уюму  Нигерияда чиркөөгө жасалган кол салууну айыптады

Ислам Кызматташтык Уюму Нигерияда ондогон адамдын өлүмүнө себеп болгон чиркөөгө карата кол салууну катуу айыптагандыгын жарыялады. 

Ислам Кызматташтык Уюмунан берилген маалыматта : "Ислам Кызматташтык Уюму 5 -  июнь  жекшемби күнү Нигериянын түштүк  -  батышында бир чиркөөгө жасалган жана араларында аялдар менен балдар да болгон кеминде 50 адамдын жана көп сандаган адамдын жаралануусу  менен бүткөн кол салууну катуу айыптайт",- деп билдирилди. 

Ислам Кызматташтык Уюмунун башкы катчысы Хүсейин Ибрахим Таха да кол салууда каза болгондордун үй  -  бүлөлөрүнө  көңүл айтып, жаралуулардын айыгып кетишин каалады. Таха ошондой эле террор жана зомбулук менен күрөшүүдө Нигериянын жанында экендерин баса белгиледи.

Нигериянын улуттук чукул кырдаалдар башкармалыгынан  берилген жазуу түрүндөгү маалыматта 5-июнда Ондо штатынын Ово районундагы чиркөөгө жасалган кол салууда 22 кишинин каза болгону, 50 кишинин жараланганы белгиленди.

Кол салууда каза болгондор үчүн өлкөдө 7 күндүк "улуттук аза күтүү" жарыяланды. 

 



Тектеш кабарлар