Финляндиянын премьер - министри Ковид - 19 жуктурду
Премьер-министр Марин Твиттердеги баракчасында Ковид-19 тестинин оң чыкканын жарыялады.
1839934

Финляндиянын премьер-министри Санна Марин коронавирустун жаңы түрүн Ковид-19 жуктуруп алганын жарыялады.
Премьер-министр Марин Твиттердеги баракчасында Ковид-19 тестинин оң чыкканын жарыялады.
Марин коронавирустун белгилери жеңил болгонун жана өзүн жакшы сезгенин айтты.
Премьер-министр Марин 4-июнда Америка Кошмо Штаттарына расмий иш сапары менен барып, НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг менен өлкөсүнүн НАТОго мүчөлүгү тууралуу сүйлөшкөн.
Тектеш кабарлар

Сербияда Экинчи дүйнөлүк согуштан калган замбиректин огу табылды
Борчадагы жол куруу иштеринде табылган замбиректин огу зыянсыздандырылды.