БУУ: «Израиль 2022-жылы 300 үйдү талкалады»

БУУнун гуманитардык иштер координаторлугуна (OCHA) караштуу Оккупацияланган Палестина кеңсеси тарабынан жарыяланган маалыматтар.

1838616
БУУ: «Израиль 2022-жылы 300 үйдү талкалады»

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Израиль күчтөрү үстүбүздөгү жылдын башынан бери басып алган Батыш Шериада жана Чыгыш Кудста палестиндерге таандык 300 имаратты талкалаганын жарыялады.

БУУнун гуманитардык иштер координаторлугуна (OCHA) караштуу Оккупацияланган Палестина кеңсеси тарабынан жарыяланган маалыматтар Израилдин аймактагы кыйроолорунун чыгымын көрсөттү. Буга ылайык Израиль күчтөрү 2022-жылдын башынан бери Чыгыш Кудус менен бирге басып алуу астындагы Батыш Шериадагы палестиналыктардын үйлөрүнөн жана турак жайларынан турган 300 имаратты талкалады же басып алды.

OCHA билдирүүсүндө, Чыгыш Кудстун Силван районунда жайгашкан Вади Каддум аймагындагы 12 үйлүү имараттын бузулуу коркунучунда экенине көңүл бурду.

Билдирүүдө Израилдин муниципалитетинен бузуу буйругун алган палестиналык үй-бүлөлөрдүн имаратты бир нече күндүн ичинде таштап чыгуулары талап кылынганы белгиленип:«Эгер бузула турган болсо, 32 чоң адам жана 42 бала мажбурлап эвакуацияланат. Имараттын тургундарынан эки палестиналык качкын үй-бүлөдөн тышкары, мурда кыйроого учураган эки үй-бүлө 2 жылда экинчи жолу жер которгон болот»,деп эскертти.

Израиль бийликтеринен уруксат ала албаганы бузууларга себеп катары көрсөтүлгөнүнө көңүл бурулган билдирүүдө : «Бирок палестиналыктардын мындай уруксаттарды алуусу дээрлик мүмкүн эмес. Себеби имарат жайгашкан аймак белгиленген Израилдин бийликтери тарабынан коомдук парк катары колдонулушу үчүн жашыл аянт катары белгиленген»,деген сөздөр камтылган.

Израиль бийликтери менен байланышуу аркылуу кыйратуу процессине бөгөт коюу максатын көздөгөн билдирүүдө «гуманитардык жардам коомдорунун кыйратуу учурунда жер которгон адамдарга колдоо көрсөтүүгө даяр экени» белгиленди.



Тектеш кабарлар