Блинкен Орусия дан эгиндери менен «шантаж» кылып жатканын айтты

Блинкен борбор шаар Вашингтондо өткөн азык-түлүк коопсуздугу боюнча онлайн тегерек стол жыйынында 24-февралдан бери уланып келе жаткан Орусия-Украина согушунан улам айыл чарба азык-түлүктөрүн камсыз кылуу көйгөйү тууралуу баа берүүлөрүн айтты.

1838859
Блинкен Орусия дан эгиндери менен «шантаж» кылып жатканын айтты

 

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Орусиянын президенти Владимир Путинди Украинанын айыл чарба продукциясын Батышка «шантаж» катары колдонууга аракет кылып жатат деп айыптады.

Блинкен борбор шаар Вашингтондо өткөн азык-түлүк коопсуздугу боюнча онлайн тегерек стол жыйынында 24-февралдан бери уланып келе жаткан Орусия-Украина согушунан улам айыл чарба азык-түлүктөрүн камсыз кылуу көйгөйү тууралуу баа берүүлөрүн айтты.

Америкалык мамкатчы, Украинанын Одесса шаарына жакын жердеги силостарда жана шаардын портуна токтогон кемелерде 20 миллион тоннага жакын буудай сакталып турганын белгиледи.

Блинкен дүйнөдө айыл чарба азык-түлүктөрүн камсыздоодо кризис болуп турганда Орусиянын блокадасынын сөз болгон буудайдын Одессадан чыгышына тоскоол болгонун белгиледи.

Орусиянын айыл-чарба продукцияларынын экспортуна тоскоол болуу менен Украинанын чегинен тышкары азап жана ачарчылыкты алып барып жатканын түшүнүшү керектигин белгилеген Блинкен: «Демек, мунун баары атайылап жасалган. Биз президент Путин азык-түлүк ташууга бөгөт коюп, үгүттөөчү машинаны агрессивдүү түрдө жоопкерчиликтен качуу үчүн колдонгонун билебиз, анткени ал дүйнө ага баш ийет жана анан санкцияларга баш ийет деп үмүттөнөт. Башкача айтканда, ал жөн эле «шантаж» кылып жатат»,-деп айтты.

АКШнын мамкатчысы өзгөчө азык-түлүк кризисинин Африкага тийгизген таасирин баса белгилеп: «Биз президент Путинден туура иш кылат деп күтө албайбыз»,-деди.



Тектеш кабарлар