Боррель Орусияны күнөөлөдү

Боррель эл аралык соодадагы дан тартыштыгына байланыштуу билдирүү жасады.

1838097
Боррель Орусияны күнөөлөдү

Евробиримдиктин (ЕБ) тышкы байланыштар жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррель эл аралык соодадагы дан тартыштыгына Орусия күнөөлүү деди.

Боррель темага байланыштуу социалдык медиадагы билдирүүсүндө, Европа Биримдигинин Орусияга каршы санкцияларынын бул өлкөнүн согуш дараметин алсыратууну максат кылганын, айыл чарба продукцияларын камтыбаганын баса белгиледи.

Боррель: «Орусиянын Украина портторуна уланып жаткан блокадасы, жүгөрү жана буудай сыяктуу тонналаган дандын дүйнөнүн негизги өндүрүүчүлөрүнүн бири болгон Украинада калышына себеп болуп, алардын экспортуна тоскоол болууда. Эл аралык дан соодасындагы тартыштыкка Орусия түздөн-түз күнөлүү»,-деп айтты.

Орусиянын (24-февралда башталган) чабуулдарын токтотуунун ордуна жоопкерчиликти санкцияларга жүктөгөнүн белгилеген Боррель, Кремлди ушундайча жалган маалымат таратып жатат деп айыптады.

Боррель согуштан келип чыккан маселелерди чечүү үчүн дүйнөдөгү бардык өлкөлөр менен толук тилектештикте боло тургандыктарын билдирди.



Тектеш кабарлар