ДССУ дүйнө жүзү боюнча жайылышын уланткан маймыл чечек вирусу тууралуу маалымат берди

Уюмдун веб-сайтында жарыяланган отчетто Улуу Британияда биринчи учур катталган 13-майдан 2-июнга чейин вирустун жайылышы боюнча маалыматтар бөлүшүлгөн.

1837897
ДССУ дүйнө жүзү боюнча жайылышын уланткан маймыл чечек вирусу тууралуу маалымат берди

Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюму (ДССУ) дүйнө жүзү боюнча жайылышын уланткан маймыл чечек вирусунун ушул убакка чейин 780 кишиде аныкталганын жарыялады.

Уюмдун веб-сайтында жарыяланган отчетто Улуу Британияда биринчи учур катталган 13-майдан 2-июнга чейин вирустун жайылышы боюнча маалыматтар бөлүшүлгөн.

Бул даталардын ортосунда маймыл чечек вирусу эндемикалык эмес 27 өлкөдөн ДССУга билдирилген 780 учур тастыкталганы кабарланган. Азырынча бул өлкөлөрдөн адам өлүмү катталган жок.

Англияда 270 учур, Испанияда 156 учур, Португалияда 138 учур, Канадада 58 учур, Германияда 57 учур, Францияда 33 учур жана Нидерландияда 31 учур аныкталды.

Вирус байкалган башка өлкөлөрдө 20 же андан аз учурлар бар деп жарыяланды.

Отчетто ушул убакка чейин текшерилген учурларда бир гана Батыш Африка түрүндөгү маймыл чечек вирусунун көрүлгөнү белгиленди.

Акыркы убакта Европа менен Түндүк Америкада көп сандаган учурлар катталып, вирус эндемикалык болгон Батыш же Борбордук Африка өлкөлөрүнө азыраак адамдар барганы кабарланды.

Анда вирустун эндемикалык эмес өлкөлөрдө тез таралышы мурда байкалбаган таралуунун натыйжасы болушу мүмкүндүгүнө көңүл бурулду.

 

ДССУ вирустун глобалдык коркунучунун өлчөмүн «орточо» деп аныктады, анткени маймыл чечеги көп өлкөлөрдө биринчи жолу байкалган.



Тектеш кабарлар