Мексика булуңунда пайда болгон бороондун бүгүн түнү Флорида жээктеринде таасирдүү болору билдирилди

Саатына 8 сантиметрге чейин жаан-чачын менен аймакта селдин жүрүшүнө себеп болот.

1837619
Мексика булуңунда пайда болгон бороондун бүгүн түнү Флорида жээктеринде таасирдүү болору билдирилди

АКШнын  түштүгүндөгү Мексика булуңунда пайда болгон жана ылдам түрдө кургактыкка карай кеткен бир бороондун бүгүн түнү Флорида жээктеринде таасирдүү болору билдирилди. 

Аба ырайынын болжолдоолорун жарыялаган AccuWeather агенттигинин маалыматына караганда,"Алекс" аттуу бороон Флорида штатынын түштүк жээктерине таасирин тийгизип, саатына 8 сантиметрге чейин жаан-чачын менен аймакта селдин жүрүшүнө себеп болот.

Метеорологдор бүгүн түнү Флоридадан АКШ  материгине  бара турган 2022 Атлантика бороон сезонунун биринчи тропикалык бороонунун шататтын түштүк бөлүктөрүнө 28 - 38  сантиметрге чейин жаан  - чачын болорун, катуу шамалдардын  ылдамдыгынын саатына 80 километрге чейин жетери боюнча эскертишти. 

Улуттук бороон борбору  Түштүк Флорида үчүн тропикалык бороон борборунун Флориданын 640 километр түштүк  - батышында болгонуна карабастан азыртадан эле штатта катуу жамгырга жол ачкандыгын, бүгүн  болсо нормалдуу шарттарда жарым аралдан чыгып кетерин белгиледи. 

 



Тектеш кабарлар