Украина : "Северодонецктин борборунда катуу кагылышуулар улантылууда"

Башкы штабдын билдирүүсүндө Россиянын 100 күн мурда Украинага каршы баштаган согушу уланып жаткан Донецк багытындагы фронттордогу акыркы абалга баа берилди.

1837461
Украина : "Северодонецктин борборунда катуу кагылышуулар улантылууда"

Украинанын Башкы штабы өлкөнүн чыгышындагы Северодонецк шаарынын борборунда орус армиясы менен кагылышуулардын уланып жатканын билдирди.

Башкы штабдын билдирүүсүндө Россиянын 100 күн мурда Украинага каршы баштаган согушу уланып жаткан Донецк багытындагы фронттордогу акыркы абалга баа берилди.

Орус армиясынын Украинанын Коргоо күчтөрүнүн Северодонецк багытындагы турумдарын жана Северодонецк, Боровское, Устиновка жана Лисичанск райондорундагы жарандык инфраструктураларды бомбалоону улантканы белгиленди.

Донецк багытында бүт линияда кагылышуулардын болуп жатканы  белгиленген билдирүүдө орус баскынчыларынын 10дон ашуун отурукташуу жериндеги жоготууларынан кийин өз позицияларына  чегингени белгиленди.

Луганск облусунун Попасная багытында жайгашкан орус армиясынын 150-мотоаткычтар бригадасынын кеминде жарымы олуттуу жоготууга учурагандыгы маалымдалды.

24 саатта Россияга таандык 5 танк, 3 артиллериялык система, 2 бронетранспортер жана 3 Орлан-10 тибиндеги учкучсуз учуучу аппараттын жок кылынганы кабар берилди. 



Тектеш кабарлар