Израиль аскерлери палестиналык баланы өлтүрдү
Жаракат алган 17 жаштагы бала бардык жардамдарга карабастан куткарыла албады.

Израиль аскерлери оккупацияга алган Батыш Шериада 17 жаштагы палестиналык баланы атып өлтүрдү. Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинен берилген маалыматта Рамалланын батышындагы Ажыратуу дубалына жакын Ел - Мидйе айылында палестиналык бир баланын Израиль аскерлери аткан октон каза болгондугу белгиленди.
Рамалладагы Палестина саламаттыкты сактоо комплексине алып барылган оор жаралуу баланын дарыгерлердин бардык жардамына карабастан куткарыла албагандыгы бидирилди. Билдирүүдө баланын күбөлүгү тууралу маалымат берилген жок.
Бир тараптан көргөн күбөлөрдүн баланын Мидйе айылынын тургуну Мухаммед Авде экенидигин жана эч бир кагылышуу болбостон, Ажыратуу дубалынын айланасында күзөттө жүргөн Израиль аскерлери тарабынан атылгандыгын айтышты.