Жо Байден Жасинда Ардерн менен жолугушту

Америка Кошмо Штаттарынын  президенти Жо Байден Жаңы Зеландиянын премьер-министри Жасинда Ардернди Ак үйдө кабыл алды.

1835833
Жо Байден Жасинда Ардерн менен жолугушту

Америка Кошмо Штаттарынын  президенти Жо Байден Жаңы Зеландиянын премьер-министри Жасинда Ардернди Ак үйдө кабыл алды.

Оваль кеңсесинде жолугушуунун алдында журналисттерге маалымат берген Жо Байден Жасинда Ардерндин   Крайстчерчтеги мечитке кол салуу  башта болгон көптөгөн маселеде   конструктивдүү жетектөөчү ролуна токтолду.

Ардерн менен климаттын өзгөрүүсү баш болгон көптөгөн теманы сүйлөшө тургандарын белгилеген Байден эки өлкөнүн кызматташтыгынын маанисине көңүлдөрдү бурду.

Байден менен маалымат каражаттарына жабык өткөн жана болжол менен 1,5 саатка созулган жолугушуудан кийин Ак үйдүн бакчасында журналисттерге маалымат берген Ардерн бул жолугушуунун оң өткөндүгүн  айтты.

Биргелешкен пресс- жыйында  АКШ менен Жаңы Зеландиянын Индо-Тынч океан аймагынын коопсуздугу жана жыргалчылыгы үчүн бирдикте иштеше тургандары   баса белгиленди.



Тектеш кабарлар