Израиль аскерлери бир палестиналык аялды өлтүрдү

Бул тууралуу Палестина саламаттыкты сактоо министрлиги маалымат берди.

1835996
Израиль аскерлери бир палестиналык аялды өлтүрдү

Израиль аскерлери оккупациядагы Батыш Шериада ок атып, бир палестиналык аял каза болду.

Палестина саламаттыкты сактоо министрлигинен берилген маалыматта : «31 жаштагы Гурфан Вересане Ел  -  Халилдин түндүгүндөгү Ел  -  Аруб качкындар лагерине жакын жерде баскынчы аскерлердин ок атышы менен шейит болду»,- деп билдирилди.

Израиль армиясы маалыматында жаш аялдын «бычактуу кол салгандыгын» айтты. Маалыматта колунда бычактын бар экендиги жана 60 - номердеги жолдун коопсуздугун түзүү менен милдеттендирилген бир аскерге карай  басууга аракет кылгандыгы билдирилди.

Бир тараптан Палестина Кызылайынан берилген маалыматта саламаттыкты сактоо топторунун жаралууга жетишине Израиль аскерлеринин 20 минута тоскоол болгондугу билдирилди.



Тектеш кабарлар