Байден Украинага ракеталык системаларды жиберүүгө чечим чыгаргандыгын билдирди

Жо Байден New York Times  гезити үчүн «Американын Украинада аткара тургандары жана аткарбай тургандары» деген темада макала жазды.

1835990
Байден Украинага ракеталык системаларды жиберүүгө чечим чыгаргандыгын билдирди

АКШнын президенти Жо Байден Украинага Россия менен согушунда колдонуу үчүн өнүккөн ракеталык системаларды жиберүүгө чечим чыгаргандыгын билдирди.

Жо Байден New York Times  гезити үчүн «Американын Украинада аткара тургандары жана аткарбай тургандары» деген темада макала жазды.

Россия  -  Украина согушунун 4 -  айга киргендигин белгилеген Байден : «Украина калкы фронттогу ийгиликтери менен Россияны таң калтырды жана бүткүл дүйнөнү шыктандырды»,- деди.

Байден башка өлкөлөрдүн Украинага аскердик, гуманитардык жана финансылык жардам бергендигине көңүлдөрдү буруп, АКШнын бул согуш тууралуу мамилесинен сөз кылды.

«АКШнын максаты так : өзүн келечектеги коркунучтарга каршы коргой ала турган, демократиялык, көз карандысыз, эгемен жана өнүккөн Украинаны каалайбыз»,- деген Байден Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин да айтканындай бул согуштун акырында демократиянын жеңишке жетишерин белгиледи.

АКШнын президенти Украинага берген куралдар менен бул өлкөнү сүйлөшүү столунда күчтөндүрүүнү максат кылгандарына көңүлдөрдү буруп : «Ушул себептен да Украинага фронттогу буталарын туура атуулары үчүн өнүккөн ракета системалары менен ок  - дарыларды берүүгө чечим чыгардым»,- деди.

Россияга карата санкциялардын арттырылышы тууралуу да башка өлкөлөр менен бирдикте иштөөнү улантышарын баса белгилеген Байден АКШнын Украинага Javelin танкка каршы ракеталарды, Стингер зениттик ракеталарды, радар системаларын, учкучсуз учактар ​​жана Ми-17 сыяктуу өнүккөн куралдарды жөнөтүүнү уланта турганын белгиледи.

АКШнын президенти макаласында бул сөздөргө орун берди : «НАТО жана Россиянын ортосундагы согуштун артынан түшпөйбүз. Урматтуу Путин менен түшүнүшө албасак да АКШ аны кулатууга аракет кылбайт. АКШ же союздаштарына каршы кол салуу болмоюнча Американын аскерлерин Украинага жиберип же орус күчтөрүнө кол салып Россия  -  Украина согушунда орун албайбыз. Украинанын чектеринин тышына кол салышын колдобойбуз жана буга жардам бербейбиз».



Тектеш кабарлар