Ирактагы АКШ базасына ракеталык кол салуу болду
Аба базасына 5 ракета учурулду.
1835338

Ирактын Анбар провинциясында америкалык аскерлер жайгашкан Айн аль-Асад авиабазасына ракеталык кол салуу болду.
Аба базасына 5 ракета учурулду. Базанын тегерегине түшкөн ракеталардын зыян келтиргени тууралуу маалымат берилген жок.
Кол салуудан кийин аймакта издөө иштерин баштаган коопсуздук күчтөрү Барвана аймагынын түштүгүндө колдонулган ракета аткычтарды тапты.