Дания менен Шевция Украинага аскердик жардам көрсөттү

Дания Украинага 2 миллиард крон (болжол менен 290 миллион доллар) аскердик жардам көрсөттү.

1835361
Дания  менен Шевция Украинага аскердик жардам көрсөттү

 

Дания Украинага 2 миллиард крон (болжол менен 290 миллион доллар) аскердик жардам көрсөттү.

Даниянын мамлекеттик телеканалы DR билдиргендей, коргоо министри Мортен Бодсков Украинага курал-жарак жана башка аскердик техникалардан турган 2 миллиард крондук жардам жөнөтүшкөнүн жарыялады.

Швеция өкмөтү да жашыруундуулуктун алкагында Украинага жаңы аскердик жардам жөнөтө турганын жарыялады.

Өкмөттүн сайтында жарыяланган билдирүүдө Украинага жогорку деңгээлдеги аскердик колдоо көрсөтүлөрү, жашыруундуктан улам колдоонун мүнөзүнүн ачыкталбай турганы белгиленди.

Швеция буга чейин Украинага 135 миң аскерине 5 миң AT4 танкка каршы курал, 5 миң болот жилет, 5 миң аскердик каска жана даяр тамак-аш жөнөткөн.

Швециянын тышкы иштер министри Энн Линде 2-февралда  Твиттер баракчасынан украин армиясына берген 50 миллион долларлык каржылык жардам көздөгөн жерине жеткенин жарыялады.

 

 



Тектеш кабарлар