Швеция: «Түркияга курал экспорттой алабыз»

Швециянын Мамлекеттик курал экспортун көзөмөлдөө агенттигинин (ISP) төрагасы Карл Эвертссон, өлкөсүнүн НАТОго мүчөлүк арызы боюнча Түркия менен болгон сүйлөшүүлөргө байланыштуу Expressen гезитине билдирүү жасады.

1834667
Швеция: «Түркияга курал экспорттой алабыз»

Швеция бүгүнкү шарттарда Түркияга курал экспорттой ала турганын жарыялады.

Швециянын Мамлекеттик курал экспортун көзөмөлдөө агенттигинин (ISP) төрагасы Карл Эвертссон, өлкөсүнүн НАТОго мүчөлүк арызы боюнча Түркия менен болгон сүйлөшүүлөргө байланыштуу Expressen гезитине билдирүү жасады.

Швециянын коргоо комиссиясы талап кылган шарттарда курал экспорттогондорун белгилеген Эвертссон: «Түркия азыр биздин куралыбызга муктаж эмес. Алар бизден курал сатып алышпайт. Коргоо комиссиясынын арыздарын ар бир учурга жараша баалайбыз. Бүгүнкү шарттарда Түркияга курал сата алабыз»,-деп айтты.

Эвертссон Швецияда жасалган танкка каршы АТ-4 куралдарынын жикчил террор уюму ПККнын колуна кантип өткөнү тууралуу суроого: «Биз бул куралдарды уюмдарга экспорттобойбуз. Бул сөз болуп жаткан курал-жарактар ​​да Американын лицензиясы менен чыгарылган жана үчүнчү өлкөлөргө жөнөтүлбөйт деген шартка көңүл бурбаганыбыздан улам болушу мүмкүн»,-деп жооп берди.

Швециянын Мамлекеттик курал экспортун көзөмөлдөө агенттигинин (ISP)  2019-жылдын 15-октябрында Түркияга курал сатууга тыюу салган.

Мамлекеттик радиосу SRнын кабарына караганда, бул күндөн кийин Швецияда жайгашкан 3 жеке курал өндүрүүчү фирманын Түркияга курал сатуу талабы кабыл алынган эмес.



Тектеш кабарлар