Жапония Украинага чукул жардам пакетин жарыялады

Кишида Фумио өкмөтү Орусия согушуп жаткан Украинага гуманитардык жардамды көбөйтүү чакырыктарынан кийин жаңы жардам чечимин чыгарды.

1834204
Жапония Украинага чукул жардам пакетин жарыялады

Жапон өкмөтү Орусиянын чабуулдарын улантып жаткан Украинага 1,7 миллион долларлык чукул жардам пакетин жарыялады.

Кишида Фумио өкмөтү Орусия согушуп жаткан Украинага гуманитардык жардамды көбөйтүү чакырыктарынан кийин жаңы жардам чечимин чыгарды.

Бул багытта Бириккен Улуттар Уюмунун Долбоордук Кызмат кеңсеси (UNOPS) аркылуу Украинага 1,7 миллион долларлык чукул гуманитардык жардам жеткирилет.

Жапониянын тышкы иштер министри Хаяши Йосимаса өлкөсүнүн Украинага колдоо көрсөтүү үчүн эл аралык коомчулук менен аракетин уланта турганын айтты.

Орусиянын чабуулдарынан кийин Эл аралык Миграция уюму (IOM) Украинанын ичинде ушул убакка чейин 8 миллиондон ашуун адам жер которгондугун билдирди.

Бир тараптан Миграция кызматы агенттигинин маалыматына караганда Жапония кабыл алган украиналыктардын саны 1055ке жетти.



Тектеш кабарлар