Путин өлкөсүнө каршы киргизилген санкциялар жоюлса, эгин экспорттоого даяр экендиктерин билдирди

Орусиянын Президенттик сарайы Кремлден жасалган билдирүүгө караганда, Путин Франциянын президенти Эммануэль Макрон жана Германиянын канцлери Олаф Шольц менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө Украинадагы абалдын учурдагы жактары тууралуу пикир алмашты.

1834114
Путин өлкөсүнө каршы киргизилген санкциялар жоюлса, эгин экспорттоого даяр экендиктерин билдирди

Орусиянын президенти Владимир Путин өлкөсүнө каршы киргизилген санкциялар жоюлса, эгин экспорттоого даяр экендиктерин билдирди.

Орусиянын Президенттик сарайы Кремлден жасалган билдирүүгө караганда, Путин Франциянын президенти Эммануэль Макрон жана Германиянын канцлери Олаф Шольц менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө Украинадагы абалдын учурдагы жактары тууралуу пикир алмашты.

Путин Украинадагы «атайын аскердик операцияга» байланыштуу акыркы абалдар тууралуу маалымат берип жатып, «Киевдин күнөөсү менен» үзгүлтүккө учураган сүйлөшүүлөрдү кайра баштоого ачык экендиктерин билдирди.

Батыштын Украинага курал ташууну улантуусунун кооптуу экенине көңүл бурган Владимир Путин, бул контекстте абалдын дагы да туруксуз болоорун жана гуманитардык кризистин күчөй турганын айтты.

Глобалдык азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого байланыштуу кырдаал да кеңири талкууланган сүйлөшүүдө Путин батыш өлкөлөрүнүн туура эмес экономикалык жана каржылык саясатынын, ошондой эле Орусияга каршы аракеттеринин натыйжасында алар ишке ашырган санкциялардын азык-түлүк менен камсыздоодогу кыйынчылыктардын чыныгы себептерин конкреттүү маалыматтарга таянып түшүндүрдү.

Орус лидери: «Орусия өз кезегинде дан эгиндерин тоскоолдуксуз экспорттоо, анын ичинде Кара деңиз портторунан украин данын экспорттоо жолдорун табууга жардам берүүгө даяр. Орус жер семирткичтерин жана айыл чарба продукциясын көбөйтүү дүйнөлүк азык-түлүк рыногунда чыңалууну басаңдатууга жардам берет жана албетте бул, тиешелүү санкциялык чектөөлөрдү алып салууну талап кылат»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар