Иранда 1 күндүк аза күтүү жарыяланды

Метрополь деп аталган имараттын урап калышына жана 29 кишинин каза болушуна байланыштуу Ирандын Министрлер кеңеши бүгүн өлкөдө бир күндүк жалпы аза күтүү жарыялады.

1834200
Иранда 1 күндүк аза күтүү жарыяланды

Ирандын түштүгүндөгү Хузистан провинциясынын Абадан шаарында 10 кабаттуу Метрополь имаратынын урап калышына байланыштуу өлкөдө бир күндүк жалпы аза күтүү жарыяланды.

Метрополь деп аталган имараттын урап калышына жана 29 кишинин каза болушуна байланыштуу Ирандын Министрлер кеңеши бүгүн өлкөдө бир күндүк жалпы аза күтүү жарыялады.

Министрлер кеңеши тарабынан жарыяланган кабарда каза болгондордун жакындарына көңүл айтылды.

23-майда Абадан шаарында 10 кабаттуу Метрополь имаратынын урашынын натыйжасында 29 адам каза болуп, 37 адам жаракат алган.



Тектеш кабарлар