Жо Байден Аскер-деңиз академиясынын бүтүрүү аземинде сөз сүйлөдү

АКШнын акыркы мезгилдеги лидерлигине токтолгон Байден Россия  -  Украина согушунда АКШнын Россияга санкциялар жана Украинага жардамдар тууралуу жол башчылык ролду аткаргандыгын айтты.

1834066
Жо Байден  Аскер-деңиз академиясынын бүтүрүү аземинде сөз сүйлөдү

АКШнын президенти Жо Байден Россиянын президенти Владимир Путиндин Европанын баарын Финляндия сыяктуу тарапсыз кылууну каалап баарын «НАТОлоштургандыгын» белгиледи.

Байден борбор шаар Вашингтон жакындарындагы Аннаролис шаарындагы Аскер-деңиз академиясынын бүтүрүү аземинде сөз сүйлөдү.

АКШнын акыркы мезгилдеги лидерлигине токтолгон Байден Россия  -  Украина согушунда АКШнын Россияга санкциялар жана Украинага жардамдар тууралуу жол башчылык ролду аткаргандыгын айтты.

Байден : «Путин бир гана Украинанын колго алууну каалап жаткан жок, Украина калкынын маданиятын жана күбөлүгүн чындыгында жок кылууну каалап жатат. Мектептерди, ооруканаларды, музейлерди атуусунун башка себеби жок»,- деди.

Акыркы мезгилде АКШнын Финляндия менен Швециянын НАТОго мүчөлүк процессине берген колдоосуна да токтолгон Байден : «Путин бардык Европаны финляндиялаштыруу менен тарапсыз кылууну каалады бирок баарын НАТО тараптары кылды»,- деди.

 



Тектеш кабарлар