Россия Красный Лимандын көзөмөлгө алынгандыгын билдирди

Россиянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Игорь Конашенков Донецк облусундагы Красный Лиман шаарын орус аскерлери көзөмөлгө алганын билдирди

1834053
Россия Красный Лимандын көзөмөлгө алынгандыгын билдирди

Россиянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Игорь Конашенков Донецк облусундагы Красный Лиман шаарын орус аскерлери көзөмөлгө алганын билдирди.

Конашенков орус аскердик бөлүктөрүнүн Украинадагы чабуулун улантып жатканын белгилеп, орус армиясынын Красный Лиман шаарын өздөрүн Донецк Элдик Республикасы деп атаган күчтөр менен толук көзөмөлгө алганын айтты.

Конашенков абадан учурулган жогорку тактыктагы ракеталар менен  Бахмут отурукташуу жериндеги Украина армиясынын 30 -  механикалаштырылган бригадасынын алдыңкы башкаруу борбору жана Соледар отурукташуу  жеринде аймактык коргонуу бөлүгүнүн командирлик борборунун атылгандыгын айтты. 

Булардан тышкары 5 байкоо-командалык пункт, аскер бөлүктөрү жана техникалык унаалар жайгашкан  17 аймак, Донецк аймагындагы Мироновка, Бахмут жана Нирково калктуу конуштарындагы 4 ок-дары кампаларынын жок кылынганын айткан Конашенков, Россиянын абадан согуштук тактикалык бөлүктөрүнүн 6 командирлик борбору, 1 байланыш түйүнү, 4 ок-дары кампасы, 2 Град көп стволдуу ракета аткыч батареялары жана 50 аскердик аймактын жок кылынганын билдирди.

Конашенков  : "Абадан кол салуулардын натыйжасында 260тан ашуун улутчул күч жок кылынды. Мунун тышында орус аба күчтөрү бир күндө Харьков аймагында Барвенково жана Херсон аймагында Орехов отурукташуу жеринде  абада Украина аба күчтөрүнө таандык 2 Су  - 25  аскердик учагын атып түшүрдү",- деди. 

Орус абадан коргоо системасынын Запорожье  аймагында Орехов отурукташу жерине жакын Украинага таандык Ми  - 8 моделиндеги тик уячактын атып түшүргөндүгүн да айткан Конашенков Миколаев, Луганск жана Харьков аймактарындагы түрдүү жерлерде Украинанын 18 учкучсуз учуучу аппаратын атып түшүрүшкөндөрүн айтты. 

Конашенков Луганск, Харьков жана Херсон аймактарында абада Точка-У баллистикалык ракетасын жана көп стволдуу ракета аткычтарды жок кылгандарын белгилеп, ракета жана артиллериялык бөлүктөрдүн 57 командирлик борбор, 618 аскердик аймак, 42 артиллериялык батареянын аткылангандыгын билдирди. 

Конашенков: «Учурда 182 учак, 128 тик учак, 1045 учкучсуз учуучу аппарат, 324 абадан коргонуу ракета системасы, 3 миң 297 танк жана брондолгон унаа, 444 көп стволдуу ракета аткычтар, 1714 гаубица жана минометтор, 3 миң 245  атайын аскердик   унаа талкаланды»,-  деди.

 



Тектеш кабарлар