Иранда майордун унаасына куралдуу кол салуу болду

Кол салууга учураган майор каза болду.

1834035
Иранда  майордун унаасына куралдуу кол салуу болду

Ирандын Систан  -  Белучистан аймагында бир майор унаасына жасалган куралдуу кол салуунун натыйжасында каза болду.

Ирандын мамлекеттик телекөрсөтүүсүнүн билдиргенине караганда Систан  -  Белужчистан коопсуздук директору Ахмед Тахири кечээ кечинде майор Аббас Рах Энжам аттуу майордун унаасына Ираншехир  -  Делган жолу аркылуу бара жатканда белгисиз кишилер тарабынан узун стволдуу куралдар менен ок атылгандыгын билдирди. 

Кол салууда ирандык майордун каза болгонун, унаадагы жубайынын да жаракат алгандыгын билдирген Тахири окуядан кийин качкан кол салуучуларды кармоо үчүн атайын топтордун иш баштагандыгын айтты. Тахири  окуя тууралуу кенен маалыматтардын кийинчерээк берилерин маалымдады. 

 



Тектеш кабарлар