Индонезияда кайык кырсыкка учурады

26 адам дайынсыз жоголду.

1834061
Индонезияда кайык кырсыкка учурады

Индонезиянын Сулавеси аралында кайык оодарылып,  ичиндеги 26 адам дайынсыз жоголду.

Жергиликтүү маалымат каражаттары Макасардагы Паотере портунан 26-май бейшемби күнү жолго чыккан кайыктын кечээ оодарылгандыгын билдирди.

Чөгүп бара жаткан кайыкта  43 кишинин болгону, кээ бир жүргүнчүлөрдүн жардам кемелери менен куткарылып, жакын жердеги Банджармасин жана Женепонто шаарларына жеткирилгени белгиленди.

Бийлик кырсыкка аба ырайынын начардыгы жана күйүүчү майдын жетишсиздиги себеп болушу мүмкүн экенин билдирип, дайынсыз жоголгон 26 кишини издөө-куткаруу иштеринин уланып жаткандыгы маалымдалды. 



Тектеш кабарлар