Мариуполдо 70 жарандын сөөгү табылды
Петро Андрющенко орус аскерлери себеп болгон башка жарандык жоготуулардын да болушу мүмкүн экендигин белгиледи.

Украинанын Мариуполь шаарында бир заводдун урандысынан 70 жарандын жансыз денеси табылды. Россиянын Украинада 24 - февралда баштаган кол салуусу улантылып, орус армиясы жарандык конуштарга сокку урууну улантууда.
Украинанын Россиянын кол салууларынан эң көп таасирленген аймактардын башында орун алган Мариуполь шаарында да урандыларды тазалоо иштери жүрүүдө. Мариуполь мэринин кеңешчиси Петро Андрющенко : "Россиянын Чукул абалдар боюнча министрлигинин кызматкерлери Куйинджи проспектисиндеги урандылар тазаланып, мурунку Октябрь заводунун урандысынан 70 сөөк табылды",- деди.
Петро Андрющенко орус аскерлери себеп болгон башка жарандык жоготуулардын да болушу мүмкүн экендигин белгиледи. Сөөктөр Старый Крым айылындагы массалык мазарга алып барылды.