Шольц: «Путин жеңе албайт деп ишенем»

Швейцариянын Давос шаарында өткөрүлгөн 52-Дүйнөлүк экономикалык форумга (WEF) катышкан Олаф Шольц WEFтин негиздөөчүсү Клаус Шваб менен өткөрүлгөн «Глобалдык кызматташтык» аттуу атайын сессияда сөз сүйлөдү.

1833152
Шольц: «Путин жеңе албайт деп ишенем»

Германиянын канцлери Олаф Шольц 24-февралда Украинага каршы баштаган согушта Орусия жеңишке жетпей турганын билдирди.

Швейцариянын Давос шаарында өткөрүлгөн 52-Дүйнөлүк экономикалык форумга (WEF) катышкан Олаф Шольц WEFтин негиздөөчүсү Клаус Шваб менен өткөрүлгөн «Глобалдык кызматташтык» аттуу атайын сессияда сөз сүйлөдү.

Орусия тарабынан Украинада башталган согуштун бир гана бул өлкөнүн бар экенине коркунуч туудурбаганын баса белгилеген Шольц, акыркы жылдарда чоң аскердик кагылышуулардын чыгышына тоскоол болгон эл аралык эрежелерге негизделген кызматташтык тартибин да бузганын айтты.

 Шольц:«Демек биздин максатыбыз абдан ачык. Орусиянын президенти Владимир Путин согушта жеңбеши керек жана мен ал жеңишке жете албайт деп ишенем»,-деди.

Москванын Украинада баштаган согушун Путин үчүн ийгиликсиздик деп сыпаттаган Шольц, бүткүл Украинанын Орусия тарабынан оккупацияланышы согуштун башталышына караганда бүгүнкү күндө алда канча алыстай сезилгенин, Путиндин Украинада бардык стратегиялык максаттарына жете албаганын айтты.

Шольц эгер Путин Украинага басып кирүүдө ийгиликке жетсе, анын кесепети чоң болоорун эскертти.

Германиянын канцлери, Путин НАТОнун, Евробиримдиктин жана G7нин (эң өнүккөн жети экономика) тилектештигин жана күчүн баалабаганын билдирди.



Тектеш кабарлар